• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сыйакыны көтөрүш керек, ошондо 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн – депутат

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек. 13.02.19 /Кабар/. Ок атуучу куралдардын сыйакы өлчөмүн көтөрүү керек, ошондо 2010-жылкы окуяда жоголгон куралдар табылышы мүмкүн. Мындай пикирин депутат Акылбек Жапаров "Курал" жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү туралуу" мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.

"Жоголгон куралдарды ушунча жылдардан бери таба элек экен. Жогоруда айтылган акчага эч ким куралды өткөрүп бербейт, ошондуктан ок атуучу куралдардын баасын так аныктоо керек. 1 миӊ доллардан кем болбоого тийиш, ошондо гана 2010-жылы жоголгон куралдар табылышы мүмкүн", – деди депутат.

Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев ушу тапта милицияда жарандардын 39 миң 872 ок атуучу куралы каттоодо турат. Андан тышкары, 2010-жылдагы окуя учурунда жоголгон 633 куралдын изи табыла элек, - деп билдирди.

"Ошондой эле, 1621 тапанча белекке тартууланган. Милиция органдарында катталбаган куралды өз ыктыяры менен өткөрүп берген адамдарга сыйакы каралган. Мисалы, гранатамет менен пулеметторго – 16 миӊ сом, автоматка – 9600 сом, тапанча же мылтыкка – 6400 сом, обрезге – 3200 сом", - деди Орозалиев.

Ал эми депутат Калдарбек Баймуратов 2010-жылы курал-жарак ички иштердин райондук бөлүмүнөн жоголгонун эске салды.

"Куралдар убагында коопсуз жерге алынып кеткен эмес. Мындай кырдаал дагы кайталанбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан, куралдын жоголушуна тиешеси бар кызмат адамдарынын жоопкерчилигин караш керек болчу", – деди депутат.

Пикир

Оставить комментарий