• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Сыймык менен кийип жүрүңүздөр! Марипов кыргызстандыктарды Ак калпак күнү менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Премьер-министр Улукбек Марипов мекендештерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен куттуктады, - деп билдирет өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Төмөндө куттуктоонун текстин келтиребиз:

«Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди кыргыз элинин улуттук баш кийими – Ак калпак күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Улуттук баш кийим болгон Ак калпактын кыргыз элинин түптөлүшү менен тыгыз байланышкан терең жана бай тарыхы бар.

Ак калпак кылымдар бою кыргыз жигиттерин ар кандай аба ырайында жана мезгилдерде коштоп келген. Күнүмдүк жашоодо ак калпак кийип жүргөн жаштарыбыздын саны жыл санап өсүп жатканын белгилеп кетким келет. Бул биздин кылымдарды карыткан каада-салттарыбыз жашап келе жатканын жана кийинки муундар тарабынан сактап каларын күбөлөндүргөн кубанычтуу факт.

Мен ар бир эл каада-салтын сактабаса, жок болуп кетет деп ишенем. Ошондуктан, бардыгыңыздарды биримдикке чакырам. Ак карлуу Ала-Тоо тоодой улуу жана көркөм Ак калпагыбызды сыймык менен кийип жүрүңүздөр!

Майрамыңыздар менен, урматтуу мекендештер!»

Пикир

Оставить комментарий