• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сыймык Жапыкеев Европа Бирлигинин LEICA долбоорунун жетекчиси менен жолукту

Коом 0

Бишкек, 18.12.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 17-декабрында экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматыны төрагасы Сыймык Жапыкеев Европа Бирлигинин “Law enforcement in Central Asia” (“LEICA”) долбоорунун жетекчиси Жером Рибо-Гайар менен жолукту.

Финполдун басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу санитардык-эпидемиологиялык коопсуздуктун бардык ченемдерин сактоо менен өттү.

Жапыкеев жолугушуунун катышуучуларына келгендери үчүн ыраазычылык билдирип, укук коргоо органдарынын тутумун реформалоонун жүрүшүндө финансы полициясынын функциялары кыйла кеңейгендигин, жоопкерчилик деңгээли жогорулагандыгын, натыйжада Финполдун дараметин жогорулатуу зарылчылыгы келип чыккандыгын белгиледи.

Материалдык-техникалык базаны чыңдоо, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдүн адистештирилген түзүмдөрү менен көп тараптуу жана эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, экономикалык жана коррупциялык кылмыштарга каршы күрөшүүнүн заманбап тажрыйбаларын алуу жана өздөштүрүү, ошондой эле кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу зарылчылыгы болууда.

Жером Рибо-Гайар өз сөзүндө финансылык тергөөлөр, экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүүлөр жана кылмыштардын жаңы түрлөрүн ачуунун алдыңкы ыкмаларын, технологияларын жайылтуу жаатында дараметти жогорулатуу маселелеринде ЭККМК менен кызматташууга даяр экендигин тастыктады.

Жолугушуунун жүрүшүндө LEICA долбоордун колдоосу менен ЭККМКнын ишмердигинин дараметин жана натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча мүмкүн болгон өз ара кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий