• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Бүтүрүүчү сынак жана тестирлөөнү өз убагында өткөрүү үчүн альтернативдүү жол табылат – Өмүров

Билим 0

Бишкек, 21.03.20. /Кабар/. Бүтүрүүчү сынак жана жалпы республикалык тестирлөөнү өз убагында өткөрүү үчүн альтернативдүү жол табылат. Бул тууралуу КР билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

"Бүтүрүү сынактарын жана ЖРТны өз убагында өткөрүү биз үчүн артыкчылыктуу маселе, ошондуктан коронавирус боюнча кырдаалга карабастан, бул маселени чечүү үчүн альтернативдик ыкмаларды табабыз", - деди ал.

Бүгүн саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков умрадан келген дагы алты адамдан коронавирус аныкталганын билдирди – Баткен районунда бирөө, Сузакта бешөө. Мындан улам Баткен районунун Самаркандек, Ак-Сай, Ак-Татыр айыл аймактарына өзгөчө кырдаал киргизилген.

Эскерте кетсек, 18-март күнү саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Кыргызстанда коронавирус жуктурган алгачкы учур катталганын – Сузак районунда (Жалал-Абад облусу) 3 адамда коронавирус аныкталганын билдирген. Алар 12-мартта Кыргызстанга Сауд Арабиясынан учуп келишкен. Коронавирус аныкталгандан кийин Сузак районунда өзгөчө кырдаал киргизилген.

Ошондой эле бүгүн, 20-март күнү өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Ноокат районунда коронавирусту жуктурган дагы үч учур катталганын билдирген. Алар Сауд Арабиясынан кичи ажылыктан учуп келишкен. Мындан улам Ноокатта өзгөчө кырдаал режими киргизилген.

Учурда коронавирус жуктургандардын саны 12 кишиге жетти. Алардын алтоо эркек жана алтоо аял кишилер. Коронавируска чалдыккандардын кичүүсү 45 жашта болсо улуусу 75 жашта.

Пикир

Оставить комментарий