• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сыргабаев “Азиздер жана дүлөйлөр” коомунун ишканасында эмгектенген кызматкерлерден кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 03.12.21. /Кабар/. Бүгүн, 3-декабрь - Майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карата президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев "Кыргыз азиздер жана дүлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк" ишканасында эмгектенген кызматкерлерден кабар алды. Бул тууралуу аталган өкүлчүлүктөн билдиришти.

Азыркы учурда аталган коомдун мүчөлүгүнө угуу, көрүү мүмкүнчүлүгүнөн ажыраган 180 адам катталган. Алардан 37си жумуш менен камсыздалып, басымдуу тигүү тармагында эмгектенишет.

Облус башчысы мекеменин ишмердүүлүгү менен таанышып, жеринде маселелерин укту. Аталган коомдун директору Усөнбай Бечеловдун айтымында, кызматкерлерди үзгүлтүксүз жумуш менен камсыздоодогу башкы көйгөй катары, мындагы буйрутмалардын аз болуп жатканы менен түшүндүрдү.

Ыйгарым укуктуу өкүл Абсаттар Сыргабаев бул маселени чечүүдө облустагы мекемелерге биргеликте иш алып баруу боюнча тийиштүү тапшырмалар берилерин айтты.

Майыптыгы бар жарандардын эл аралык күнүнө карат облус башчысынын резервдик фондунан "Кыргыз азиздер жана дүйлөйлөр коомунун Жалал-Абад окуу өндүрүштүк ишканасына" балдардын психоневрологиялык социалдык стационарлык мекемесине 20 миң сомдон акча каражаты бөлүндү.

Жалал-Абад облусунда жалпы 42 миңден ашуун майыптыгы бар жаран катталган. Алардан 7 миң 371и 18 жашка чейинки балдар.

Ушул жылдын 23-ноябрына чейин 6 миң 935 майыптыгы бар адамдарга жергиликтүү бийлик тарабынан 11 млн 882 миң сом, демөөрчүлөр тарабынан 2 млн 578 миң сомдук жардамдар көрсөтүлгөн. Мындан сырткары, кышка карата 113 тонна көмүр алынып берилип, 116 студенттин окуу акыларына жеңилдиктер түзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий