• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сырттан келген акчалай жардамдар кандай бөлүштүрүлүп жатат? Асрандиевдин жообу

Экономика 0

Бишкек, 07.05.20. /Адил Төлөгөнов – Кабар/. Бүгүнкү күндө сырттан келген жардамдар алгач бюджеттин чыгашаларына жумшалып жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев билдирди.

Анын айтымында, ЖМКларда жарыяланып жаткан суммалардын баары келе элек. "Анын азыраак суммасы эле келди. Ар бир түшкөн каражат кайсы тармакка кеткени боюнча Каржы министрлигине тапшырма бердик. Азыр бул боюнча маалымат даярдалып жатат. Бүгүн же эртең ачык-айкын толугу менен жообун беребиз", - дейт Асрандиев.

Белгилей кетсек, 7-майга карата Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 895ке жетти. Алардын ичинен 224ү медицина кызматкери. Илдеттен 637 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 12 адам каза болду.

Коронавируска байланыштуу киргизилген өзгөчө абал режими Бишкек, Жалал-Абад, Ош шаарларында жана Нарын облусунун Ат-Башы районунда 10-майга чейин узартылган.

Пикир

Оставить комментарий