• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Сырттан келген каражаттын 207,7 млн доллары гана пайдаланылды – Боронов

Өкмөт 0

Бишкек, 15.09.20. /Кабар/. Сырттан келген каражаттын 207,7 млн доллары гана пайдаланылды. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов онлайн брифингде билдирди.

Анын айтымында, коронавируска каршы күрөшүүнүн алкагында эл аралык институттардан 773,1 млн доллар өлчөмүндөгү финансы каражаттарын тартуу боюнча иштер жүрдү.

"773,1 млн доллардын ичинен республикага 338 млн доллар каражаты келди. Дагы 436,8 млн доллар акчанын келери күтүлүүдө. Алынган 338 млн доллардын 207,7 млн доллары пайдаланылган. Бул каражаттар: коронавирус инфекциясынын кесепеттерин жоюу, калктын аз камсыз болгон катмарына пенсияларды жана жөлөкпулдарды төлөө, муктаж болгондордун азык-түлүк коопсуздугун жана тамак-аш азыктарын камсыз кылуу, ошондой эле дарыгерлерге, мугалимдерге жана башка бюджеттик мекемелердин кызматкерлерине эмгек акыларын төлөө, ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүүгө байланыштуу чараларды каржылоого жумшалды", - деди Боронов.

Өкмөт башчы кошумчалагандай, 130,3 млн доллар пайдаланыла элек. Ал каражат Улуттук банктагы Борбордук казынанын эсебинде турат.

Пикир

Оставить комментарий