• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Сырттан келген жардамдын эсебинен дары-дармектер сатылып алынабы? Асрандиевдин жообу

Коом 0

Бишкек, 22.07.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында вице-премьер-министр Эркин Асрандиев сырттан алынган каражаттар эмнеге дары-дармек алууга жумшалбайт деген суроого жооп берди.

Анын айтымында, "эмнеге эл аралык донорлордон алынган каражаттар таңкыс болуп жаткан дары-дармектерди сатып алууга, оорукана курууга жумшалбайт" деген суроолор болуп жатат.

"Сырттан алынып жаткан каражаттардын бир топ бөлүгү коронавирус менен күрөшкө, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга жумшалууда. Айрым сандарды айта кетсем, маселен сырттан алынып, колдонулган 170 млн доллардан ашык каражаттын 22 млн доллардан ашык каражаты Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондуна берилген трансферт болгон. Андан кийин ал каражаттар ооруканаларга (дары-дармектерди сатып үчүн да) бөлүштүрүлгөн. Дүйнөлүк банктан келген 2,2 млн доллар дары-дармек, медициналык буюмдарды, тез жардам унааларын сатып алууга жумшалган. Ар кандай эл аралык уюмдардан жана дос өлкөлөрдөн жалпы суммасы 8 млн долларга жакын гуманитардык жардам келген. Андан тышкары 9 млн доллар жакын каражатка жардам келери күтүлүүдө. Бюджеттен жана башка булактардан коронавирус менен күрөшүүгө, анын ичинде дары-дармектерди сатып алууга каражаттар бөлүнүүдө. Бирок таңкыстык болуп жатканы сезилүүдө. Себеби суроо-талап 10 эселеп өсүп, ооруган адамдардын саны көбөйдү. Таңкыстык болуп жатканына бир нече себеп бар. Таңкыстык каражаттардын тартыштыганан улам болгон жок. Каражат жетиштүү. Дүйнө боюнча дары-дармекке суроо-талап өсүп, буйрутмалар тез арада аткарылбай калууда. Объективдүү да, субъективдүү да себептер бар", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий