• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Сырттан кыргызстандыктар келип жаткандыгына байланыштуу Баткенде коопсуздук чаралары күчөтүлдү

Аймак 0

Бишкек, 20.04.20. /Кабар/. Эпидемиологиялык абал туруктуу эмес өлкөлөрдөн кыргызстандыктардын келип жаткандыгына байланыштуу Баткен облусунда коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда коронавирус оорусунун жаңы учуру катталганына байланыштуу жана Баткен облусунун тургундарынын Бишкек, Ош шаарларынан, Туркия мамлекетинен келип жаткандыгына байланыштуу коопсуздук чаралары күчөтүлгөн.

"Бул боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Алишер Абдрахманов бүгүн аппараттык кеңешмеде тапшырмаларды берди. Мындан сырткары, жакынкы күндөрү Дубай, Пакистан, Россиянын Новосибирск шаарларынан да Баткен облусунун тургундарынын келүүсү күтүлүүдө. Мындан улам облустагы санитардык-карантиндик көзөмөл посттору, чек ара көзөмөлдөп өткөрүү бекеттери, ички иштер кызматы, айылдар ортосундагы элдик кошундар тарабынан коюлган көзөмөл постторунун ишин күчөтүү, үй карантинине алынган жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, дезинфекция жумуштарын улантуу тапшырмасы коюлду", - деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн өкүлү Абдрахманов облус тургундарын кайдыгер болбой, карантиндин эрежесин так сактоого чакырды.

Пикир

Оставить комментарий