• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жол кардан тазаланды - Транспорт министрлиги

Коом 0

Бишкек, 18.09.20. /Кабара/. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларындагы жол кардан тазаланып, жолдор ачык. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Министрликтен билдиришкендей, Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларында 17-сентябрь күнү саат 23:45те кар жаап, кардын калыңдыгы 10-15 сантиметрди түзгөн. Аба ырайынын кескин алмашканынан байланыштуу министрликтин №9 жол башкармалыгынын кызматкерлери жол тазалоого чыгышкан.

"Учурда Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел ашууларындагы жол толук тазалынып, жол унаалар үчүн ачык", - деп билдирет министрлик.

Ошондой эле Өтмөк ашуусундагы жолдун 6-36-чакырымында 10-15 сантиметр кар жаап, жол кардан тазаланган. Учурда Өтмөк ашуусундагы жол ачык.

Пикир

Оставить комментарий