• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөктө унаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилди

Коом 0


Бишкек, 01.04.21. /Кабар/. Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел жана Өтмөк ашууларда тыгындын пайда болушун алдын алуу максатында бардык унаалардын жүрүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мындай чечим аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу кабыл алынган.

“Кыргызстандын “Арал”, “Сосновка” жана “Кара-Көл” постторунда унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилген. Учурда Транспорт министрлигинин кызматкерлери жеринде иш алып барууда. Төө-Ашуу жана Суусамыр өрөөнүндө кардың калың жаап жаткандыгынан айдоочуларды жолдо этият болуп, аралыкты сактоого чакырабыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий