• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төө-Ашуу электр жарыгысыз калды. Себеби

Коом 0

Бишкек, 12.07.21. /Кабар/. Кечээ, 11-июлда, саат 22:58де “Суусамыр” подстанциясында авариялык өчүрүү болгон. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ААКтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 35 кВ болгон кабелдик линиясынын жабыркагандыгынан улам электр энергия өчүрүлгөн. Ал өз учурунда “Суусамыр” подстанциясы менен бириктирилген.

Мындан улам Төө-Ашууда электр жарыгы үзгүлтүккө учураган.

“Окуя болгон жерде оңдоо иштери жүрүүдө. Жакын арада электр жарыгы толугу менен калыбына келтирилет”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий