• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Төө-Ашуу” тоннели 25-июлга чейин маал маалы менен жабылат

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы “Төө-Ашуу” өтмөгүндөгү тоннель оңдоо иштерине карата 25-июлга чейин маал маалы менен жабылып турат. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Тоннелде желдетүү системасын пландык оңдоо иштери жүрүп жатат. Учурда тоннель түзүлгөн режимге ылайык, эки тараптуу убактылуу жабылды”,-деп билдирди аталган министрликтин кызматкери Нурлан Турдумамбетов.

Түзүлгөн графикке ылайык унаалардын жүрүшүнө күн сайын эртең менен саат 07:00дөн 09:00гө чейин, кечкисин түнкү саат 00:00дөн баштап 02:00гө чейин тыюу салынат.

Белгилүү болгондой, тоннелди оңдоо иштери ар жыл сайын жүргүзүлүп турат.

Пикир

Оставить комментарий