• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төө-Ашуу туннелине кире бериште каза болгон альпинисттердин ысымдары жазылган баннер пайда болот

Коом 0

Бишкек, 13.03.19. /Кабар/. Төө-Ашуу туннелинин кире беришинде кыргыз тоолорунда көз жумган альпинисттердин аты-жөнү жазылган баннер пайда болот. Бул тууралуу “Эскерүү” долбоорунун куратору, журналист Эркин Туралиев билдирди.

Ал маалымдагандай, аталган долбоор өлкө башчысы Сооронбай Жээнбеков тарабынан жактырылган.

Туралиевдин айтымында, учурда дүйнөнүн 22 өлкөсүнөн каза болгон альпинисттердин ысымдары такталды.

“Эскерүү баннери ашуунун кире беришинде тургузулат. Так ушул ашуу аркылуу баардык альпинисттер өздөрүн кайтпас сапарга узатышкан”, - дейт Туралиев.

КРнын транспорт жана жолдор министрлигинен билдиргендей, учурда "эстеликти" тургузуу үчүн каражаттар каралууда.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, баннердин ачылышы Россиянын президенти Владимир Путиндин келишине пландалган.

Пикир

Оставить комментарий