• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Төө-Ашуу жана Боомдогу унаа кыймылы инспекторлор тарабынан жөнгө салынууда

Аймак 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Төө-Ашуу ашуусундагы жана Боом капчыгайындагы транспорт кыймылы жол инспекторлору тарабынан жөнгө салынууда. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Көрсөтүлгөн тилкелерден өтүүдө айдоочулар унаалардын ортосундагы аралыкты сактап, жайкы дөңгөлөктөрүн кышкыга алмаштырышы керек, деп билдиришет ведомстводон. Андан сырткары айдоочуларга чынжыр алып жүрүү сунушталат.

Милициянын маалыматына караганда, тоолуу аймактарда кызмат күнү-түнү жүргүзүлүүдө жана өзгөчө кырдаалдар учурунда инспекторлор керектүү жардам көрсөтүүгө даяр.

Пикир

Оставить комментарий