• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төө-Ашууда 35 см, Ала-Бел ашуусунда 40 см – ашууларга жааган кардын калыңдыгы

Коом 0

Бишкек, 27.11.19. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагы боюнча 27-ноябрдагы ашуулардагы кардын бийиктиги тууралуу маалымат таратты.

Бишкек-Ош автоунаа жолундагы 121-128 чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу) ашуунун түндүк тарабында кардын орточо бийиктиги 10-35 см, түштүк тарабында 132-137 чакырымдарында 15-55 см түзөт.

Өтмөк-Талас автоунаа жолундагы 0-14 чакырымдарындагы Өтмөк ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-35 см түзөт. Жолдордун айрым жерлери тайгак жана муз тоңгон.

Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-249 чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайы) жолдун айрым жерлеринде тайгак болуп муз тоңгон, кардын орточо бийиктиги 10-40 см түзөт. Жол ачык.

Бишкек-Торугарт авто унаа жолундагы “Долон” ашуусунда кардын орточо бийиктиги 5-30 см түзөт.

Каракол-Эңгилчек автоунаа жолундагы 55-92 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт.

Барскоон-Ак-Шыйрак автоунаа жолунун "Сөөк" ашуусунун 62-68 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-15 см түзөт, жолдор тайгак болуп муз тоңгон. Түп-Кеген автоунаа жолунун 43-76 чакырымдарында кардын орточо бийиктиги 5-20 см түзөт.

Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолундагы 75-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусунда) кардын орточо бийиктиги 5-25 см түзөт. Жол ачык.

Пикир

Оставить комментарий