• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төө-Ашууда Кытай жарандары бар унаа оодарылып кеткен

Кырсык 0

Бишкек, 16.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Төө-Ашууда ичинде Кытайдын жарандары бара жаткан “Лексус 470” үлгүсүндөгү унаа жол кырсыгына кабылган. Жабыркагандар жок. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Чүй облусунун патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 15-ноябрда болжол менен саат 18:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 123-чакырымында катталган. Анда “Лексус LX470” жана “Тойота Авенсис” унаалары кагылышкан.

Кырсыктын натыйжасында “Лексус” унаасы жолдон чыгып, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын натыйжасында “Тойота” унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү жабыркаган эмес, экинчи унаанын жүргүнчүсү Кытайдын жараны жеңил жаракат алып, ооруканага жатуудан баш тарткан.

Учурда абалды иликтөө иштери жүрүүдө, бир катар экспертизалар дайындалды.

Пикир

Оставить комментарий