• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөө алынды

Коом 0

Бишкек, 10.11.22. /Кабар/. Бүгүн, 10-ноябрда саат 9:00дөн баштап Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө киргизилген чектөөлөр алынды. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек-Ош унаа жолунда аба ырайынын шартына байланыштуу жолдорду кардан тазалоо жана инерттик материалдар менен толтуруу иштери жүргүзүлүүдө.

“Анын негизинде жолдордун ашуу тилкелерине бара жаткан айдоочуларга жайкы дөңгөлөктөрдү кышкы дөңгөлөккө алмаштырууну, дөңгөлөктөрдүн чынжырчаларын жана күрөктөрүн алып жүрүүнү сунуштайбыз”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий