• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төө-Ашуудагы тоннель унаа кыймылы үчүн ачылды

Коом 0

Бишкек, 05.07.22./Кабар/. Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннель унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн тоннелдин ичинде жолтандабас өрттөнүп, каттам убактылуу жабылган.

«Учурда тоннель унаа кыймылы үчүн ачылды. Өртөнгөн унаа тоннелдин түштүк тарабына алып чыгарылды. Электр энергиясын калыбына келтирүү үчүн жерине энергетиктер тартылат», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий