• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Төө-Ашуудагы тоннелде бензин ташыган унаа түтөп, башкаларга тоскоолдук жараткан

Кырсык 0

Бишкек, 18.04.19. /Кабар/. Кечээ, 17-апрель күнү болжол менен саат 17:30да Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелде бензин ташыган унаа түтөп, анын ичи түтүнгө толуп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мындан улам унаалардын тоннелдин ичинде жүрүүсүнө тоскоолдук жаралган. Ашууда нөөмөттө турган ӨКМ кызматкерлери айдоочуларга абалды түшүндүрүп, унаалар тоннелден чыгарылган.

Түтүн толугу менен тазалангандан кийин тоннель ачылган. Жабыркагандар болгон эмес.

Пикир

Оставить комментарий