• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төө-Ашуудагы туннелдин желдетүү системасы оңдолуп жаткандыгына байланышуу унаалар график боюнча өткөрүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 24.09.18 /Кабар/. Бишкек-Ош унаа жолундагы К.Көлбаев атындагы Төө-Ашуу ашуусунда желдетүү системасын оңдоо иштери жүрүп жатат. Бардык унаалар график боюнча өткөрүлүүдө.

Транспорт жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, 18нен 30-сентябрга чейин унаалардын туннель аркылуу өтүшү график боюнча ишке ашат. Бул иштер жыл сайын ушул мезгилде жүргүзүлөт.

Оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү тууралуу чечим Ички иштер министрлиги жана Бишкек-Ош дирекциясы менен макулдашылган.

Төө-Ашуудан унааларды өткөрүү графиги:

08:00 - 09:30 – оңдоп-түзөө иштери (жабык)

09:00 - 14:00 – транспорт каражаттарын өткөрүү (ачык)

14:00 - 15:30 – оңдоп-түзөө иштери (жабык)

15:30 - 08:00 – транспорт каражаттарын өткөрүү (ачык)

Пикир

Оставить комментарий