• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Түкүрүк үчүн айып 5,5 миң сомдон 1 миң сомго чейин азаят

Өкмөт 0

Бишкек, 15.01.19. /Кабар/. Түкүрүк үчүн айып 5,5 миң сомдон 1 миң сомго чейин азаят. Бул тууралуу жаңы кодекстер тууралуу өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынын учурунда айтып жатып КРнын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков билдирди.

Анын айтымында, бузуулар Кодексине кирген түкүрүк боюнча бузуулардын курамы учурда кароо стадиясында турат.

"Ал "Таштандыны белгиленбеген жерге ыргытуу, өрттөө жана түкүрүү" беренесине кирген. Бул берене үчүн санкция 5,5 миң сомду түзөт. Биз бул сумма таштандыны өрттөгөнгө толугу менен туура келет деп эсептейбиз. Бирок кодексте коомдук жайда чылым чеккендер үчүн да айып бар. Учурда биз түкүрүк үчүн айыпты чылым чегүү беренеси менен бирдей кароону ойлонуп жатабыз - 1 миң сом. Учурда бул маселе кароо стадиясында турат", - деп билдирди Разаков.

Пикир

Оставить комментарий