• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Түкүрүк” үчүн айыппулдун өлчөмү 5500 сомдон 1000 сомго чейин түшөт

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. Кыргызстанда түкүрүк үчүн айыппулдун өлчөмү 5,5 миңден 1 миңге чейин төмөндөйт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков парламентте “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамды кароо учурунда билдирди.

Баяндамачы катары КРнын Жогорку Кеңешинин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети төрагасы депутат Наталья Никитенко мыйзам боюнча маалымат берген.

Мыйзам долбоору мамлекеттик органдардын ортосундагы ыйгарым укуктарды бөлүштүрүү максатында иштелип чыгып, бир катар укук коргоо жаатындагы бир катар мыйзамдарды өз ара шайкеш келтирүүгө багытталган “КР Бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралып, өкмөттүн өтүнүчү жана баардык парламенттик фракциялардын макулдугу менен дароо эле экинчи жана үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлгөн.

Ошондой эле мыйзам долбоорунда айып пулду ар бир төлөнбөгөн күн үчүн пенясын 1%га көтөрүү сунушталат.

Баяндамачынын айтымында, укук коргоо жаатындагы жаӊыдан күчүнө кирген мыйзамдарды ишке ашыруу боюнча иш-чараларды аткаруу алкагында “Бузуулардын бирдиктүү реестрин” иштеп чыгуу жана жайылтуу боюнча мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн. “Ошонун негизинде 2019-жылдын башынан тарта күчүнө кире турган бир катар мыйзамдарга тийиштүү өзгөртүүлөр киргизилүүдө”, - дейт тармактык комитеттин төрайымы Наталья Никитенко.

Депутат Рыскелди Момбеков кезинде мыйзамдын долбоору бир күн укук коргоо органдарында иштебеген эксперттер тарабынан иштелип чыкканын, алар мыйзамга бөлүнгөн 200 млн сом каражатты жеп кеткенин эске салып, мыйзам долбоорундагы коомчулукту дүрбөлөӊгө салган айтылуу “түкүрүк” үчүн 5,5 миӊ сом айыппул каралган жобонун кийинки тагдырына кызыкты. “Айыппулдун өлчөмү эч качан эмгек акыдан көп болбошу керек. Дегеле, мыйзамдан жанагы “түкүрүк” сыяктуу түшүнүктөрдү алып салыш керек, шылдыӊга калабыз”, - деди ал.

Вице-премьер-министр Жеӊиш Разаков “түкүрүк” үчүн айыппул азыр 8-категориядан “бейбаштык” беренесиндеги 1-категорияга которулганын, айыппулдун өлчөмү 1000 сомду түзө турганын билдирди. “Өкмөт жаӊыдан күчүнө кирген укук коргоо жаатындагы ченемдик укук актыларына тийиштүү өзгөртүүлөрдү март айында парламенттин кароосуна киргизет. Мыйзамдарда көптөгөн кемчиликтер бар экен, азыр анын үстүндө иштеп жатабыз”, - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий