• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төкмө акын Айитбаев Өзбекстандын президенти белек кылган унаасын Ошко айдап келди

Аймак 0

Ош, 11.09.17. /Ерлан Тургунбаев – Кабар/. Төкмө акын Идрис Айитбаев 8-сентябрда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев белек кылган “Malibu Chevrolet” үлгүсүндөгү унаасын айдап, Ошко келди.

Акын менен кош келген үй-бүлөсүн Ош мэри Айтмамат Кадырбаев тосуп алып, куттуктады.

Эске сала кетсек, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев төкмө акын Идрис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн жаңы “Мalibu” үлгүсүндөгү унаа жана Өзбекстандан үй белек кылган.

Анжиян облусунун Курган-Төбө районунда жайгашкан 3 бөлмөлүү батир акындын өзүнө да абдан жаккан. Акынды коңшулаш үйлөрдүн жашоочулары, акимиаттын өкүлдөрү, достору жана тааныштары тосуп алган.

Пикир

Оставить комментарий