• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төкмө акын Акжолтой Канат уулу каза тапкан жол кырсыгынын чоо-жайы айтылды

Кырсык 0

Бишкек, 11.11.19. /Кабар/. Белгилүү төкмө акын Майра Керим кызынын уулу, жаш төкмө акын Акжолтой Канат уулу жол кырсыгына кабылып каза болду.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылган башкы башкармалыктын маалыматы боюнча, кырсык 11-ноябрга караган түнү болжол менен саат 00:45 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 218-чакырымында болгон.

Билдирүүгө ылайык, кырсыктан төрт адам каза болгон, бирөө ооруканага жеткирилген. Алардын арасында Акжолтой Канат уулунун жубайы да болгондугу айтылууда.

"Subaru Impreza үлгүсүндөгү унаа Ысык-Көл облусунан Кочкор районун көздөй бара жатып каршы тилкедеги North benz жүк ташуучу автоунаасы менен кагышкан. Кырсыктан жеңил унаанын 27 жаштагы айдоочусу, 26 жана 19 жаштагы эки жигит жана болжол менен 25 жаштагы кыз каза болгон. Учурда өздүктөрү такталууда", - деп айтылат маалыматта.

Чогултулган материалдар Нарын облусунун Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүлүп берилген. Сотко чейинки тергөө амалдары жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий