• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Төкмө акын Элмирбек Иманалиевди эскерүү кечеси өттү

Маданият 0

Бишкек, 18.01.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын эл артисти, төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиевдин туулган күнүнө карата 17-январда эскерүү кечеси өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Чоң программадагы концерттик иш-чара Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өттү.

««Төкмө келсе төр бошот» долбоорундагы шакирттери биригип, залкар таланттын туулган күнүнө карата эскерүү кечесин өткөрдү. Концертке белгилүү ырчылар, акындар жана жакындары катышты. Байге коюлган жок, болгону агайдын ырлары ырдалып, көркөм окулду», - деп айтылат ведомствонун маалыматында.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, ак таңдай төкмө акын, жазма акын, обончу, дастанчы, манасчы Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган.

Төрт жашынан тамга таанып, 7 жашынан комуз кармап ырдай баштаган. 13 жашында устаты Тууганбай Абдиевдин чакыруусу менен Бишкек шаарына келип, адегенде филармониянын алдындагы эки жылдык студияны, кийинчерээк Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.

Айтыш өнөрүнө 1993-жылдан тартып аралаша баштаган. Эл аралык жана республикалык деңгээлде өткөн бир нече айтыштардын баш байгесин алган. Бүтүндөй Борбор Азияга аты белгилүү төкмө акын болгон. Мындан тышкары, мыкты обончу, дастанчы, манасчы, актер, жазма акын катары да калың журтка таанымал. 2020-жылы 20-апрелде 42 жашында дүйнөдөн кайткан.

Жакында эле Элмирбек Иманалиевдин көзү тирүүсүндө жазып жүргөн ырлары «Аманат» аттуу поэтикалык жыйнакка, элге берип жүргөн баталары «Ак таңдагы ак бата» аттуу чакан китепке топтоштурулуп, үй-бүлөсүнүн каржылоосунда басмадан жарык көрдү.

Пикир

Оставить комментарий