• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төкмө акын И.Айитбаевге Андижанда 3 бөлмөлүү үй менен жаңы унаанын ачкычы тапшырылды (Видео)

Коом 0


Бишкек, 08.09.17. /Кабар/. Төкмө акын Идрис Айитбаевге Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев белек кылган “Мalibu” автоунаасы менен 3 бөлмөлүү үйдүн ачкычын Андижан облусунун акими Ш.Абдурахманов расмий түрдө тапшырды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеевдин Кыргызстанга болгон мамлекеттик иш сапарында төкмө акын эки өлкө башчылары катышкан салтанатта өз өнөрүн тартуулаган болчу.

Өзбек президенти Шавкат Мирзиеев өз кезегинде төкмө акын Идрис Айитбаевге эки элдин ынтымагына кошкон салымы үчүн унаа жана Өзбекстандан үй белек кылаарын убадалаган.

Видео “Ош ТВ”

Пикир

Оставить комментарий