• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Төкмө акын Олимпиада медалын тагынган Тыныбекова, Махмудов жана Жуманазаровага арнап ыр жазды

Коом 0

Бишкек, 05.08.21. /Кабар/. Төкмө акын, обончу, аткаруучу Баян Акматов кыргыз спортчулары Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов жана Мээрим Жуманазаровага арнап ыр жазды. Ырларын акын өзүнүн Facebook`тагы жеке баракчасына жарыялаган.

Эскерте кетсек, кыргызстандык балбан Акжол Махмудов Токиодогу Олимпиада оюндарында грек-рим күрөшү боюнча мелдештин күмүш медалын багындырган. Ал эми спортчу Мээрим Жуманазарова Олимпиада оюндарында кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча мелдештин коло медалын жеңип алса, Айсулуу Тыныбекова күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле Бүткүл дүйнөлүк күрөш уюму Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарованы тарых жаратуучулары деп атады. Анткени, спортчу кыздар Кыргызстандын тарыхында кыз-келиндер арасында Олимпиада оюндарында медаль уткан алгачкы спортчулар.

Акжол Махмудовго

  • Акжол дейт баары күн түнү,
  • Атыңдын элге сүйкүмү.
  • Баатыр мүнөз духуңан,
  • Балбандын миңи үркүдү.
  • Амандыгың дем берет,
  • Адамдыгың эң керек.
  • Ала тоо Кыргыз калкыма,
  • Акжол иним сен керек!
  • Элге арнап каруу күчүңдү,
  • Эң таза кылдың дитиңди.
  • Таянып жалгыз Аллага,
  • Шыбырап чыктың зикирди.
  • Айландың Эркин элпекке,
  • Айланбай шылуун тентекке.
  • Алла таала билүүчү,
  • Алтынды бербейт эркекке.
  • Атаңыз ашуу белеспи?
  • Ар дайым берген кеңешти.
  • Күмүшкө шүгүр дейличи,
  • Апаңыз алтын эмеспи.
  • Намыска кимдер жашыбайт,
  • Намыс бул журтту асырайт.
  • Атакең берген батага,
  • Алтындын миңи татыбайт!
  • Бакты сүзгөн экен деп
  • Баары айткан сага бекер кеп.
  • Тамашанат азыр баарысы,
  • Тамыры бактан бекем деп.
  • Журт үчүн Акжол жулкунган,
  • Жулчудай башын булкунган.
  • Алгыр бүркүт сен элең,
  • Жумурткасында кыйкырган!
  • Аалам жер бети тарбы? Ыя!
  • Атаандашың барбы? Ыя!
  • Алып барды алыска
  • Атакең берген тарбия!
  • Көөдөнүң толуп батага
  • Көмүлбө кайгы капага
  • Ыроологон Кыргызга
  • Ырахмат Ата, Апаңа!
  • Ар намысты кең алгын,
  • Атыр жыт менен дем алгын.
  • Азыркы алган күмүшүң,
  • Анонсу алтын медалдын!

Айсулуу Тыныбековага

  • Оо Айсулуу Айсулуу,
  • Ойлогондой бар сулуу,
  • Казандап чачкан алтынды
  • Кашыктап жыйнап ал, сулуу
  • Көзүңдүн ар бир тамчысы,
  • Көп Кыргыздын алкышы.
  • Күндөн ажар талашсын
  • Күмүш медаль жаркышы.
  • Айымдан сендей балбан жок
  • Аллага шүгүр арман жок
  • Талашып сендей намысты,
  • Тажиктер ала алган жок.
  • Алтындан артык сен эми!
  • Алгалап Кыргыз желеги,
  • Жапандын эмес ал күмүш,
  • Жараткандын белеги.
  • Жараткандын белеги,
  • Жакшылап түшүн сен эми,
  • Жаркырап турган күмүштөй,
  • Жан таап алгын дегени.
  • Жүрүшүң алтын биз үчүн,
  • Күлүшүң алтын биз үчүн.
  • Күйүткө батпа Алтын деп,
  • Күмүшүң алтын биз үчүн.
  • Көңүлүң алтын биз үчүн,
  • Өмүрүң алтын биз үчүн.
  • Тектүү кыргыз кызысың,
  • Темириң алтын биз үчүн.
  • Бүркүтсүң тоодо шаңшыган,
  • Канаты күндөй жаркыган.
  • Буулуккан далай Айсулуу,
  • Буюрса чыгат артыңан.
  • Аарчыйлы көздө жашыңды,
  • Ардактап сендей асылды.
  • Көп Кыргыз күтөт өзүңдү,
  • Көтөрүп келчи башыңды

Мээрим Жуманазаровага

  • Мээрим сулуу башкача,
  • Мээнети аруу таптаза.
  • Алып келди көп байге,
  • Атаңыз берген ак бата.
  • 12 жаштан баштапсың
  • Ойун зоокту таштапсың,
  • Рахмадил ата мээнетин,
  • Рахмат сулуу актапсың.
  • Жашагын Мээрим жан пери,
  • Жактырдык сени кантели?
  • Классташың турбайбы,
  • Медет кызы Айпери.
  • Куттуктай турган кездебиз,
  • Кулпунай Мээрим тездеңиз.
  • Гүл карыз балдыз сен үчүн.
  • Чемпион Улук жездеңиз,
  • Кыргызга кымбат баркың бар,
  • Кылычтан өткүр даңкың бар.
  • Мээрим келип алсын деп,
  • Эми
  • Менчиктейт сени алтындар.
  • Байгеге толсун жалын жаш,
  • Баардыгы менен кадырлаш.
  • Кай жакта жүрсөң күлүп жүр,
  • Карагат көздүү карындаш!

Пикир

Оставить комментарий