• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Үтүктүн бетин жана ичин тазалоо ыкмалары

Дүр дүйнө 0

Жаңы сатып келгенде, бети жылтырап турган үтүктү туура пайдалана билбесек, бат эле бузулуп, колдонуудан чыгып калышы мүмкүн. Жибек көйнөктү туура эмес температурада үтүктөп үтүктүн бетин күйгүзүп алууга болот. Ал эми крандагы сууну куйсаңыз кебээр туруп калат. Ошондуктан үтүгүңүз сизге узак убакытка кызмат кылсын десеңиз бир нече шарттарды билип алганыңыз оң.

Үтүктүн бетин кантип тазалоого болот?

Үтүктү тазалоонун алдында сиздин техникаңызга кандай каражатты колдонууга болоорун эске алыңыз. Алсак, үтүктүн бети керамика же тефлон болсо, аны катуу заттар менен сүрүп тазалоого болбойт. Төмөнкүлөрдүн ичинен ылайыктуу ыкманы тандаңыз.

Туз

Кагаздын бетине тузду себип, текшилеп, ысык үтүктү карасы кеткиче ары-бери жүргүзөсүз.

Парафин шамы

Шамды пахтадан жасалган кездемеге ороп, ысытылган үтүктүн бетин айланта сүртүү керек. Тетиктин алдына гезит же идиш тосуп коюшуңуз керек: себеби шам ээрип, парафин ылдый агат.

Уксус

Кебезди уксуска малып, муздак үтүктү сүртүү керек. Эгерде күйүк калың болсо, уксуска нашатыр спиртин 1:1 өлчөмүндө кошуп коюңуз.

Эгерде бул жардам бербесе, уксуска чыланган кездеме менен үтүктүн бетин жаап, бир нече саатка калтырып коюу зарыл. Бул убакытта күйүк жумшарып калат. Аны губка же жумшак щетка менен тазалап коесуз.

Тамак-аш содасы

Бир нече кашык соданы стакандагы сууга салып, ага кездемени малып, муздак үтүктү сүртөбүз. Бүткөн соң нымдуу кездеме менен тактарын тазалап коюу керек.

Лак кетирүүчү суюктук

Эгерде үтүктүн бетине желим жабышып калса, аны лакты кетирүүчү суюктуктун жардамы менен кетирүүгө болот. Тазалоо учурунда үтүктүн желим бөлүктөрүнө тийип албаш керек.

Үтүктү тазалоодо эч качан кум кайрак, бычак же башка курч заттарды колдонууга болбойт. Алар анын бетин чийип, техниканын бузулушуна алып келет.

Үтүктүн ичине кебээр туруунун алдын алуу эрежелери:

Кездеменин түрүнө жараша температураны туура сактоо керек;

Өзгөчө деликаттуу, мисалы жүн, кийимдерди ным даки аркылуу үтүктөө зарыл;

Ар бир жолку үтүктөөдөн кийин үтүктүн бетин жумшак кездеме менен сүртүп коюу керек.

Кебээрден тазалоо ыкмалары:

Заманбап жабдууларды өндүрүүчүлөр кебээр туруу маселеси боюнча чараларды көрүшкөн. Алардын эрежелерине көңүл буруңуз:

Резервуарга мүмкүн болгон өлчөмдөгү сууну куюу керек;

Температура эң жогорку көрсөткүчкө коюлат;

Үтүктү ысытып, муздатып, кайра ысытасыз;

Андан соң үтүктү ылдый кармап, идишке тососуз;

Ушундан кийин өз алдынча тазалануу баскычын бассаңыз, кебээр үтүктүн бетиндеги буу чыгуучу тешиктерден чыгат.

Процедурадан соң резервуарды суу менен бир нече жолу тазалап, үтүктү кургактап коесуз.

Лимон кычкылы

20-30 грамм лимон кычкылын стакан сууга ээритип, үтүккө куюңуз. Үтүктү эң жогоркуга чейин ысытып, бир нече жолу чайкап, андан соң буу чыгаруучу баскычын басасыз. Кебээр буу менен кошо чыгат. Бүткөндөн кийин үтүктү тазалап, кургактап коесуз. Ушул эле ыкма менен газдалган минералдык сууну колдонуу аркылуу жасоого болот.

Пикир

Оставить комментарий