• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түлөбаев: Акимдердин ишинин эффективдүүлүгү шаардыктардын арыздары боюнча бааланат

Коом 0

Бишкек, 08.12.20. /Кабар/. Акимдердин ишинин эффективдүүлүгү шаардыктардын арыздары боюнча бааланат. Бул тууралуу шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаевдин шаардык кызматтардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери менен болгон пландык жыйында маалым болгондугун, муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Азыркы учурда жеке кабыл алуу учурунда, социалдык тармактарга жана жалпыга маалымдоо каражаттарына келип түшкөн шаар тургундарынын арыздарынын жалпы статистикасы жүргүзүлүүдө, анын жыйынтыгы боюнча ар бир райондук администрациянын жетекчилеринин иштери бааланып, андан кийин тиешелүү чаралар көрүлөт.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев акимдерге күн сайын жеке кабыл алууларды өткөрүүнү жана шаар тургундары менен дайыма байланышта болууну тапшырды.

Урматтуу шаардыктар! Сиздер акимдердин жеке кабыл алууларына жазылып, үйлөрүңүздөрдүн, көчөлөрүңүздөрдүн жана кварталдарыңыздын көйгөйлөрү боюнча арыздарды калтырсаңыздар болот.

Октябрь району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Байтик-Баатыр көч., 17 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), тел: 57-63-80, adm-oktyabr@bk.ru

Биринчи май району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Жибек-Жолу көч, 348 (биринчи кабат, фойенин оң жагында), телефон: 32-51-60, 62-46-35, adm-pervomai@meria.kg

Свердлов району, (0312) 36-01-93, Чүй проспектиси 28, иш күндөрү саат 8: 30дан 17: 30га чейин, 418 кабинет, adm_sverdlov@meria.kg

Ленин району, саат 9: 00дөн 18: 00гө чейин, Чүй пр., 315 (фойенин сол тарабында, Ленин акимиатынын биринчи кабаты), тел: 65-69-05, adm-leninski@meria.kg

Пикир

Оставить комментарий