• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Түлеевди мэрлик кызматка сунуштаган эмесмин – Садыр Жапаров

Президент 0

Бишкек, 22.10.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Нариман Түлеевди мэрлик кызматка сунуштаган эмесмин. Бул тууралуу президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров КТРКга берген маегинде билдирди.

Жапаров Түлеевдин кызматка келгенин башында билген эместигин белгиледи.

"Ал жөнүндө ошол күнү кечинде билдим. Анткени Азиз Суракматов өзү арыз менен кетип, ордуна Түлеевди таштап кетиптир. Ал Суракматовдун укугунда болчу. Мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Мен жөн гана сунуш жөнөтөм. Нариман Түлеевди сунуштаган эмесмин. Бирок ал адам менен сүйлөштүм. Эл каршы чыгып жаткандыктан аны кызматтан кетүүсүн айттым", - дейт өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий