• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Түмөнбай Колдошов маданият министринин орун басары болуп дайындалды

Кадр саясаты 0

Бишкек, 12.09.22./Кабар/. Обончу жана аткаруучу Түмөнбай Колдошов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирет.

Маалыматта Колдошев буга чейин маданият министринин орун басарлык кызматын аркалап келген Салтанат Аманованын ордуна келгендиги айтылат.

Ошондой эле Кинематография департаментинин директору Мукталы Бектеналиев да ээлеген кызматынан бошотулду.

Борбордук аппараттын кызматкерлери менен болгон кеңешмеде министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары министрликтеги эскирген иш ыкмаларын жана учурдун талабына, маданияттын заманбап тенденцияларына жооп берген жаңы демилгелердин, идеялардын жоктугун сынга алды.

«Мен кесиптештеримди президент тарабынан ведомствонун алдына коюлган милдеттерди ишке ашыруу үчүн бирдиктүү иш алып барууга чакырат элем», - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий