• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Төмөнкү Ала-Арча айылында уулу энесине 3 жолу бычак сайган. Ал 3 жылга шарттуу түрдө соттолду

Укук тартиби 0

Бишкек, 23.10.18. /Кабар/. Аламүдүн райондук соту Данияр (Д.у.Д. аты өзгөртүлдү) аттуу жаранды күнөөлөө боюнча 28, 104, 234-беренелерде каралган кылмыш ишин ачык соттук отурумда карап чыкты.

Сот 2018-жылдын 16-майында саат 22:30 чамасында Данияр Төмөнкү Ала-Арча айылындагы үйүндө спирт ичимдиктерин ичкен соң апасы Тахмина (Т.Н. аты өзгөртүлдү) менен уруша кетип, ага ашкана бычагы менен көкүрөк жагына бир нече ирет сайып, билип туруп анын ден соолугуна зыян келтиргенин аныктаган.

Соттук отурумда Данияр өз күнөөсүн мойнуна алып, өкүнүп жатканын билдирген.

Сот иштин материалдарын иликтеп, соттолуучунун, жабырлануучунун, күбөнүн көрсөтмөлөрүн угуп, Даниярдын күнөөсүн далилденген деп эсептейт.

Ал эми жабырлануучу урушту өзү баштаганын айтып, соттон уулун эркинен ажыратпоону суранган.

Сот Даниярды 104-берене боюнча күнөөлүү деп таап, ушул берене боюнча 5 жылга эркинен ажыратууну чечти. 63-беренеге ылайык, 3 жылга шарттуу түрдө эркинен ажыратты.

Пикир

Оставить комментарий