• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Төмөнкү орточо маяна Бишкекте — ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү статистика

Экономика 0

Бишкек, 27.02.23. /Кабар/. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борборлорунун ичинен төмөнкү орточо айлык акы Бишкекте катталганын Улуттук статистикка комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин калган борбор шаарларына салыштырмалуу биринчи кезекте керектелүүчү товарларга карата максималдуу орточо баалар Москва шаарында катталды.

2023-жылдын январь айында ЕАЭБ өлкөлөрүнүн борбор шаарларынын ичинен жумуртканын максималдуу орточо чекене баасы (он даанасы 1,40 АКШ доллары) Москва шаарында катталды. Ал эми минималдуу чекене баа (он даанасы 1,17 АКШ доллары) Минск шаарында белгиленди. Ушул эле мезгилдин ичинде кой этинин төмөнкү баасы (1 килограммы 5,94 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды, уй этинин төмөнкү баасы (1 килограммы 4,53 АКШ доллары) жана пастеризацияланган сүттүн төмөнкү баасы (1 литри 0,66 АКШ доллары) Минск шаарында байкалды. Ак каймак майдын минималдуу баасы (1 килограммы 5,10 АКШ доллары) Бишкек шаарында катталды.

2023-жылдын январь айында Бишкек шаарында картошканын орточо чекене баасынын деңгээли Астана шаарында байкалган баадан 19,5 пайызга жана биринчи сорттогу ундан жасалган нан 41,9 пайызга, Минск шаарында уй этине 32,0 пайызга жогору болгон.

2023-жылдын январь айында жумуртканын орточо чекене баасынын деңгээли Минск шаарында (12,0 пайызга), Астана шаарында (4,5 пайызга) жогору болуп түзүлдү, пастеризацияланган сүттүн орточо керектөө баасы Астана шаарындагы (14,3 пайызга) жана Минск шаарында (27,5 пайызга) баалардын деңгээлинен жогору болду.

Бишкек шаарындагы биринчи зарылдыктагы продуктулар ЕАЭБдин башка борборлорундагы деңгээлинен артта калгандыгын күбөлөндүрөт. Бул Бишкек шаары боюнча орточо эмгек акынын төмөн өлчөмү менен шартталган. Мисалы, Бишкекте орточо айлык эмгек акыга 590 литр сүт сатып алса болот, ал эми Москвада 1300 литр же 2,2 эсеге көп. Астана шаарында бир айлык эмгек акыга 3,1 тонна картошка сатып алса болот, ал эми Бишкек шаарында 1 тонна 315 картошка сатып алса болот.

Пикир

Оставить комментарий