• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Төмөнкү-Серафимовка соцмекемесинин жашоочуларына майрамдык маанай тартууланды

Коом 0

Бишкек, 07.11.21. /Кабар/. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев бүгүн, 7-ноябрда Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү менен Төмөнкү-Серафимовка социалдык стационардык мекемесинде жашаган улгайган, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды куттуктады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

“Бүгүн баардыгыбыз үчүн бул өзгөчө күн. Кыргызстандын элинин турмушунда болуп өткөн позитивдүү өзгөрүүлөргө таазим кылуу менен бирге, тарыхтын кайгылуу барактарын да эстен чыгарбоо керек. Силердин эмгегиңер менен жолдор, көпүрөлөр, өнөр жай, айыл чарбалар курулган. Өз кезегинде мамлекет сиздердин жашооңуздарды жакшыртуу үчүн бардык күч-аракетин жумшайт”, - деди Базарбаев.

Министр баарына эң негизгиси – ден соолук, ачык асманда бейпил жашоо жана узун өмүр каалады.

Камкордукка алынгандар үчүн майрамдык концерт уюштурулуп, ар бирине белектер тапшырылды.

Бүгүнкү күндө аталган мекемеде 315 карылар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт.

Пикир

Оставить комментарий