• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Түн тынч өттү. Чек арада чыр чыккан Баткен облусуна Уларбек Шаршеев жөнөп кетти

Аймак 0

Бишкек, 09.05.20. /Кабар/. 2020-жылдын 9-майы саат 08.30гө карата кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы Чек тилкесиндеги кырдаал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын ЖМК жана коомчулук менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

"Түн тынч өттү, эки тараптын тең чыр-чатак чыккан аймактагы кошумча күчтөрү жайгашкан жерлерине алынды. Баткен облусуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы, полковник Уларбек Шаршеев жөнөп кетти", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек, 8-майда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында чыр чыгып, ок атылган. Натыйжада Кыргызстандын үч чек арачысы, бир жергиликтүү тургун жараат алган.

Пикир

Оставить комментарий