• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк электр” 2018-жылы 8,1 млрд. сом чогултту

Коом 0

Бишкек, 21.01.19. /Кабар/. “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 2018-жылы 6 млрд. 186 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылга 276 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 8 млрд. 18 млн. сомду түзүп, анын 8 млрд. 88 млн. сому (100,9 %) чогултулган. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынан кабарлашты.

2018-жылы калк арасында төлөм чогултуу 101,8 пайызга аткарылган, алсак:

-өндүрүштүк объектилер –99,9 пайыз ,

-бюджеттик уюмдар –99,2 пайыз,

-айыл-чарба объектилер –99,6 пайыз,

-башка керектөөчүлөр – 100,6 пайыз.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу өткөн жыл боюнча төмөндөгүдөй:

-Бишкекте төлөм чогултуу – 101,8 пайыз,

-Чүй облусунда – 99,6 пайыз,

-Талас облусунда – 102,2 пайызды түздү.

2018-жылдын жыйынтыгы боюнча жоготуулар 12,38 пайызды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 0,27 пайызга кыскарган.

Пикир

Оставить комментарий