• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

«Түндүк электр»: 2018-жылы Бишкектеги тейлөө борборуна 225 миңден ашык абонент кайрылды

Коом 0

Бишкек, 08.02.19. /Кабар/. «Түндүк электр» ишканасынын Бишкек шаарындагы тейлөө борборуна 225 631 керектөөчү кайрылган. Аларды 15 кызматкер тейлеген, - деп билдирет ишкананын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, орто эсеп менен алганда айына 18 000 адамга кызмат көрсөтүлгөн. Күн сайын тейлөө борборуна 800 абонент кайрылат, ал эми карызы бар абоненттерди аралыктан өчүргөн күндөрү абоненттердин саны 2500-3000ге чейин жетет.

"Узап кеткен жылда Бишкек шаарындагы борбор калкты тейлөөдө бир топ ийгиликтерге жетишти. Алсак, абонентти электр энергиясы менен камсыздоо же камсыздабоо чечимин кабыл алган жетекчилер менен арыздануучулардын түз байланышына бөгөт коюлду. Коммерциялык тараптарга кызмат көрсөтүүдө ортомчулук кылгандар жок болду, керектөөчүлөр менен байланыш жакшырды. Былтыркы жылга салыштырмалуу (2017-жылдын 4-кварталы) быйыл тейлөөнүн сапаты боюнча арыздануучулардын саны 40 % кыскарды", - деп билдиришти шиканадан.

Техникалык шарттарды алууда да өзгөчөлүктөр билинип турат. Абоненттердин калтырган пикирлери боюнча бардык талаптар өз убагында аткарылып, техникалык шарттардын жыйынтыгын ыңгайлуу маалда алып кетишүүдө. 2018-жылы борбордон 261 долбоор, 376 контракт жана 1 778 техникалык шарттар берилген.

"Борбордун абоненттери үчүн түзүлгөн шарттары кубанарлык. Алар: электрондук кезек системасы, төлөм терминалдары, аба алмашуу системасы каралган жарык жана таза күтүү залы, унаа токтоочу жай. Мындан сырткары, абоненттерге ыңгайлуу шарт түзүү максатта тйлөө борбору түшкү тыныгуусуз иш алып барат. Тейлөө борбору ачыла электе абоненттерди тейлөө ар бир район боюнча өзүнчө кабинеттерде кабыл алынса, бүгүнкү күндө борбордо универсалдуу айнекчелер иш алып барат. Операторлор абоненттерди аймактарга бөлбөстөн бардыгын тегиз кабыл алат", - деп айтылат маалыматта.

Маалымкат

«Түндүк электр» ААКнын Бишкек шаарындагы тейлөө борбору 254 559 электр керектөөчүлөрдү тейлейт. Алардын 239 402 физикалык жактар болсо, 15 157 юридикалык жактар. Кардарларды кабыл алууда жана алардан келген арыздарды кароодо, мониторинг жана анализ жүргүзүп, ишти жакшыртуу максатында тейлөө сапатын жогорулатуу үчүн Бишкек шаардык сатуу кызматындагы “арыз кабыл алуу” бөлүмү менен «Бирдиктүү терезе» бөлүмү бириктирилди.

«Түндүк электр” ААКнын тейлөө борбору көрсөткөн кызматтар:

  • арыздарды кабыл алуу жана каттоо, консультация берүү, чалган чалууларга жана керектөөчүлөргө жооп берүү;
  • түшкөн арыз даттанууларды, сунуштарды кабыл алуу жана алардын аткарылышын көзөмөлдөп, анализ жүргүзүү;
  • электр энергиясын эсептөөдө консультация берүү;
  • түшкөн арыз даттануулар боюнча анализ жүргүзүп, сатуу кызматынан аны келип чыгышын аныктап, өзгөртүүлөрдү жана мүчүлүштүктөрдү таабууга электр энергиясын сатуу бөлүмүнө маалыматтарды берүү;
  • электр энергиясы менен камсыздоо жана техникалык шарттар боюнча консультация берүү;
  • компаниянын иши жөнүндө абонентти маалымдоо;
  • электр энергиясын керектөөчүлөргө электр энергиясы менен камсыз кылуу үчүн техникалык шарттарды түшүндүрүү табыштамаларды кабыл алуу жана каттоо;
  • техникалык шарттарды берүү;
  • долбоорлорду берүү;
  • жеке мүлктүн чегин аныктоо боюнча акт алуу;
  • абоненттер менен камсыздоо боюнча контракт түзүү же мөөнөтүн узартуу боюнча келишимдер (10 кВга чейин каттоо сатуу кызматында жүргүзүлөт);
  • электр энергиясын менен камсыз кылуу боюнча келишим берүү;
  • эсептөө приборлорун орнотуу, алмаштыруу боюнча арыз кабыл алуу;
  • эсептөө приборлорун мыйзамдаштыруу боюнча арыз кабыл алуу;
  • объектинин каражаттарын техникалык кароодон өткөрүү үчүн арыздарды кабыл алуу;
  • эсептөө приборлорун кошуу же ажыратуу боюнча табыштама алуу;
  • укук бузууда акты берүү;
  • электр энергия үчүн акы төлөө үчүн эсеп-дүмүрчөктөрүн берүү;
  • турмуш тиричилик группасында жеке эсептин мөөнөтүн узартуу;
  • берилген көрсөткүчтөр боюнча эсептөө жана эсеп-дүмүрчөктөрдү берүү;
  • электр энергиясынын сатылышы боюнча суроолорго консультация;
  • акылдуу эсептегичтердин карыз үчүн өчүрүүсү жана кошуусу боюнча маалымат берүү;

Тейлөө борбору кайсы даректе жайгашкан?

«Түндүк электр” ААКнын тейлөө борбору Тоголок Молдо, 70 А дарегинде жайгашкан (Жибек Жолу чоң көчөсү менен кесилишет).

Тейлөө борбордун иштөө мөөнөтү;

Дүйшөнбү –Бейшенби күндөрү: саат 08:00-17:00гө чейин,

Жума күнү: саат 08:00-15:45ке чейин,

Ишемби: саат 08:00-12:00гө чейин,

Түшкү тыныгуу: тыныгуусуз.

Пикир

Оставить комментарий