• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

"Түндүк электр": 2019-жылы электр энергиясын колдонуу 150 млн кВт/саатка азайды

Коом 0

Бишкек, 10.03.20. Кабар/. 2019-жылы "Түндүк электр" АККсынын абоненттеринин электр энергия колдонуусу 150 млн кВт/саатка азайды. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Түндүк электр" ААКсынын башкы директору Искендер Кадыркулов билдирди.

Анын айтымында, аба ырайы жакшы болгонуна байланыштуу электр энергиясын колдонуу да азайган.

"Электр энергиясын колдонуу 150 млн кВт/саатка азайды. Аны акчага которуп эсептегенде мурунку жылга караганда болжол менен 225 млн сом алынбай калды", - деди ал.

Ал белгилегендей, 2013-жылдан бери ишкана чыгашалуу болуп келген. Бирок 2019-жылы алар кирешеге чыгып, ал 11 млн сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий