• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түндүк электр” 600дөн ашуун турмуш-тиричилик эмес абоненттердин электр жарыгын өчүрдү

Коом 0

Бишкек, 23.11.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. “Түндүк электр” ААК 22-ноябрда, Бишкек шаарында өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 604 турмуш-тиричилик эмес абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрдү, алардын карыздары 8 млн сомго жакын каржыны түзөт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, жалпы өчүрүлгөн турмуш-тиричилик эмес абоненттеринин ичинен дебитордук карызын 203 абоненттер ошол эле маал жаап, кайра электр энергияга аралыктан эле кошулду. Бир күн мурун борбордогу 3 000 турмуш-тиричилик абоненттери өчүрүүгө дуушар болушту.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. “Мобильник”, “QIWI”, “Quickpay”, “UMAI” төлөм терминалдарынан, ошондой эле “Мобильник”, “UMAI” электрондук капчыктарынан жана “Айыл Банк” кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Пикир

Оставить комментарий