• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

"Түндүк электр" ААК 1 500 абоненттин электр жарыгын өчүрөт

Коом 0

Бишкек, 07.12.17 /Кабар/. Дүйшөмбү күнү, 11-декабрда, “Түндүк электр” ААК өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн Бишкек шаарындагы 1 500 турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун өчүрүүнү мерчемдөөдө, алардын карыздары 8 млн.сомго жакын каржыны түзөт. Кыш мезгилинин ызгаар суугунда ыңгайсыздыктарды жаратпаш үчүн акционердик коом дебиторлорго тез арада карыздарын төлөөнү сунуштайт. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

“Түндүк электр” ААК төлөмдөрдү учур чак менен кабыл алат. «Мобильник», «QIWI», «Quickpay», «UMAI» төлөм терминалдарынан, ошондой эле «Мобильник», «UMAI» электрондук капчыктарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эске салсак, “акылдуу” эсептегичтерге (ЭКЭАМЧАС эсептегичтери) кошулган жана өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн керектөөчүлөрдүн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан кийин, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө приборуна кошулууга билдирме жөнөтөт

Пикир

Оставить комментарий