• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

“Түндүк электр” ААК 23-майда өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн мерчемдөөдө

Коом 0

Бишкек, 22-май /Кабар/. “Түндүк электр” ААК 23-майда өз маалында жүргүзүлбөгөн төлөмдөр үчүн 2,5 миңден ашуун турмуш-тиричилик абоненттеринин электр камсыздоосун дистанциондук түрдө өчүрүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Бишкек шаары боюнча турмуш-тиричилик абоненттердин карызы 23-майга 47 млн сомду түзөт, анын ичинен:

Свердлов району боюнча 12 млн сом

Ленин району – 21 млн сом

Октябрь району – 5 млн сом

Биринчи Май району – 9 млн сом

Эске салсак, “Түндүк электр” ААК төлөмдү учур чак режиминде кабыл алууда. «Мобильник», «QIWI» төлөм терминалдарынан жана «Айыл Банк» кассаларынан жүргүзүлгөн электр энергия эсептери тууралуу билдирме “Түндүк электр” ААК маалымат базасына ошол замат түшөт.

Эми “акылдуу” эсептегич (ЭКЭАМЧАС эсептегичи) орнотулган керектөөчүлөрдүн өз убагында төлөм жүргүзүлбөгөндүгү үчүн дистанциондук түрдө өчүрүлгөн электр жарыгы, төлөм толук жүргүзүлгөнү тууралуу “Түндүк электр” ААКнын маалымат серверине билдирме түшкөн соң электр жарыкка кошулат. Андан соң, серверден автоматташтырылган система адамдын катышуусуз абоненттин эсептөө жабдуусуна кошулууга билдирме жөнөтөт.

Пикир

Оставить комментарий