• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Түндүк электр” ААК келе жаткан шайлоого даярдык көрдү

Коом 0

Бишкек, 12.10.17 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президентин шайлоо күнүн алдында “Түндүк электр” ААКда электр тармактарынын иштерин көзөмөлдөө күчөтүлдү. Бул тууралуу аталган ишканадан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, шайлоо күнү авариялык өчүрүүлөр пайда болуу мүмкүнчүлүктөрүн минимумга түшүрүү үчүн 15-октябрда “Түндүк электр” ААКда - шайлоо участокторун ишенимдүү электр энергия менен камсыздоо боюнча уюштуруу иштерин аткарды; - башка адамдардын көмөкчордон жабдууларына санкциясыз кирүү мүмкүнчүлүктөрүнөн коргоо боюнча чараларды көрдү; -электр жабдууларындагы жана аба электр чубалгыларындагы пландаштырылган ондоо иштерин токтоттуу. Зарыл учурларда гана авариялык-калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт; Райондук электр тармактарда шайлоо күнүн өткөрүү мезгилдерине материалдардын кошумча запастары түзүлүп, автотехника даярдалып, “Түндүк электр” ААКнын жана акционердик коомдун Талас филиалынын жетектөө кызматкерлеринин кошумча кезмети уюштурулду.

Пикир

Оставить комментарий