• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Түндүк электр”: Апрель айында дээрлик 670 млн. сом чогулду

Коом 0

Бишкек, 16.05.19. /Кабар/. Апрель айында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарына 435,8 млн. кВт.саат электр энергиясы келип түштү, бул 2018-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 9,3 млн. кВт.саатка көп.

Ишканадан кабарлашкандай, компаниянын өткөн айга болгон товардык продукциясы 539,2 млн. сомду түзгөн, аны менен бирге 669,7 млн. сом (124,2 %) чогултулган.

Февраль айында көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу;

-калк арасында –139,6 %,

-бюджеттик уюмдардан –143,6 %,

-өндүрүштүк объектилерден –106,5 %,

-башка керектөөчүлөрдөн –106 %, ал эми айыл чарба объектилеринен – 99 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактардан төлөм чогултуу төмөндөгүдөй;

-Бишкекте төлөм чогултуу – 119,4 %

-Чүй облусунда –127 %

-Талас облусунда –142,3 % түздү.

Пикир

Оставить комментарий