• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниясы тарабынан 9 айда 5 млрд. 825 млн. сом чогултулду

Коом 0

Бишкек, 15.10.18. /Кабар/. Тогуз айдын ичинде “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 4 млрд. 216 млн. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2017-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 131 млн. кВт.саатка көбүрөөк. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5 млрд. 465 млн. сомду түзүп, анын 5 млрд. 825 млн.сому (106,6 %) чогултулган.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 114,8 %,

бюджеттик уюмдар – 100,5 %,

башка керектөөчүлөр – 99,9 %,

айыл-чарба керектөөчүлөрү - 99,6%

жанаөндүрүштүк объектилер – 99,1 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген аймактарда төлөм чогултуу тогуз ай боюнча төмөндөгүдөй:

борбор калаабызда төлөм чогултуу - 105,1 %

Чүй облусунда – 107,5 %

Талас облусунда – 113,1 %.

Пикир

Оставить комментарий