• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк электр”: Бишкектеги 151,5 чакырым аба электр чубалгылары оңдолот

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. "Түндүк электр” ишканасы 2019-жылы Бишкек шаарындагы 0,4 кВ аба электр чубалгыларынын 151,5 чакырымын өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен реконструкциялайт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

"Жаңы зымдарды монтаждоо жана тартуу иштери шаардын чыгыш бөлүгүндөгү Учкун, Алтын-Ордо, Кара-Жигач, Ак-Тилек, Чалбай, Каинды конуштарында; батыш бөлүгүндөгү Көлмө, Киргизия-1, Ынтымак конуштарында, Махатма Ганди көчөсүнөн тарта чоң Чүй каналынын түндүк бөлүгүндө жана шаардын борбор бөлүгүндөгү кээ бир көчөлөрүндө жүргүзүлөт", - деп айтылат маалыматта.

"Түндүк электр” ишканасынун балансында Бишкек шаары боюнча 2 560 чакырым 0,4 кВ чыңалуусундагы аба электр чубалгылары бар, анын 1 164,2 чакырымы 2011-2018-жылдары өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарга алмаштырылган.

Маалымкат:

Жалпысынан 2019-жылы “Түндүк электр" ААК боюнча өзүн өзү кармап туруучу изоляцияланган зымдарды колдонуу менен 514 чакырым аба электр чубалгылары реконструкцияланат, анын ичинен:

Бишкек шаарында-151,1 чакырым,

Чүй облусунда – 362,2 чакырым,

Талас облусунда – 36,3 чакырым.

Пикир

Оставить комментарий