• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

"Түндүк электр": Бишкектеги эскирген электр берүүчү кабель чубалгылары жаңыланууда

Коом 0

Бишкек, 04.04.19. /Кабар/. Бүгүндөн тарта Бишкек шаарындагы №4 шаардык оорукана тарапта 10 кВ чыңалуусундагы эскирген кабель чубалгыларын алмаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. Бул чубалгынын жалпы узундугу 520 метрди түзөт, бүгүнкү күнгө анын 270 метри алмаштырылган. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынан кабарлашты.

Ишке "Түндүк электрдин" борборлоштурулган кабель чубалгыларын оңдоо кызматы (БКЧОК) тартылган.

"Жаңы кабелди тартуу үчүн электр куроочулар Айни көчөсүнүн участогунда (№4 шаардык оорукана территориясында) 80 см тереңдиктеги траншеяны даярдап коюшту. Кайрадан жаңы тартылып жаткан жогорку вольттогу россиянын кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгү 185мм² түзөт, ал 1975-жылы тартылган эски кабель чубалгысынын өткөрүмдүлүгүнөн (150мм² ) бир топ жогору", - деп айтылат маалыматта.

“Эскирген кабель чубалгыларын жаңылоо боюнча иштердин натыйжасында №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын, Республикалык кан борборунун өндүрүш корпустарынын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгү жогорулайт. Жалпысынан оорукана тарапта 2,5 чакырым эскирген кабель чубалгылары реконструкцияланат”,- деп БКЧОКтун жетекчиси Азамат Курманов билдирди.

"Түндүк электр" ААК 2019-жылдын соңуна чейин борбор калаадагы 6/10 кВ чыңалуусундагы эскирген кабель чубалгыларынын 52,7 чакырымын алмаштырууну мерчемдөөдө. Учурда кабель чубалгысын алмаштыруу иштери Логвиненко/Бөкөнбаев, Тыныстанов/Түгөлбай Ата көчөлөрүнүн тилкесинде жүрүүдө.

Эскирген 6/10 кВ кабель чубалгыларынын реконструкциясынан сырткары Бишкек шаарында 35 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгыларын куруу боюнча иштер да жүргүзүлөт. 2019-жылы Бишкекте 2 чакырым 35 кВ кабель чубалгысы курулат.

Маалымкат

"Түндүк электр" ишканасынын балансында Бишкек шаары боюнча 955 чакырым 35/10/6 кВ чыңалуусундагы кабель чубалгылары бар. Борбордо 2012-2018ж.ж. аралыгында жер алдындагы 35/10/6 кВ кабель чубалгыларынын 174,6 чакырымы реконструкцияланган.

Пикир

Оставить комментарий