• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

"Түндүк электр": Бишкектеги көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы эскилиги жеткен кабелдер алмаштырылууда

Коом 0

Бишкек, 09.04.19. /Кабар/. "Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаарындагы көп кабаттуу үйлөргө 0,4 кВ жаңы кабелдерди орнотуу иштерин улантууда. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, жалпысынан бул жылы борбор шаарыбызда 27 чакырым эски кабелдер жаңысына алмашылат, анын ичинде: Батыш райондук электр тармактарында - 9 чакырым, Чыгыш райондук электр тармактарында -18 чакырым.

Чыгыш райондук электр тармактарында 26 турак-жай курулуштарына жаңы кабелдер салынат. Алар: Тыныстанов, Суеркулов, Малдыбаев, Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген чарчысында; Ибраимов/Гоголь, Москва/ Чуйков көчөлөрүнүн участокторунда.

Батыш районунун электр тармактарында 9 чакырым кабель 62 көп кабаттуу үйгө чейин салынат. Алар: Аскер шаарчасы, “Манас” кинотеатрынын аймагы, Ахунбаев, Жунусалиев, Шота Руставели;

Малдыбаев, Панфилов;

Токтогул/Калык Акиев;

Жаш Гвардия/Москва;

Жаш Гвардия/Чокморов көчөлөрүнүн участокторуна салынат.

Эске сала кетсек, көп кабаттуу үйлөрдүн ортосундагы эски, өткөрүмдүүлүгү 70-95 мм² болгон кабелдер өткөн кылымдын 60-70-жылдары резерв кылууга мүмкүн болбогон туюк схема менен салынган. Учурдагы салынып жаткан кабелдин ток өткөрүмдүүлүгү мурунку кабелдерге салыштырмалуу жогору (120-150 мм²), авариялык өчүрүүлөр маалында көпчүлүк участоктордо кошумча резервдик кабелдер каралган.

"Бирок көп кабаттуу үйлөрдү үзгүлтүксүз жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыз кылабыз десек, анда турак-жай жана үй башкармалыктарынын балансындагы магистралдык линияларды, үй ичиндеги тармактардагы кабелдерди толугу менен алмаштырыш керек” –деп белгилешти "Түндүк электердин" адистери.

Маалымкат

2018-жылдагы ЖЭБдеги авария учурунда "Түндүк электр" ишканасы Бишкек шаары боюнча 200 көп кабаттуу үйгө 25 чакырым 0,4 кВ кабель тарткан. 3-, 9-, 11-кичи райондорунда, 10-кичи районунун түштүк-батыш бөлүгү, 7-кичирайонунун батыш бөлүгү, 5-кичирайонунун борбордук бөлүгү, Ахунбаев/Токтоналиев, Ахунбаев/Ч.Айтматов, Шота Руставели, Сухомлинов, Целинная, Патрис Лумумба көчөлөрүндөгү эски кабелдер толугу менен жаңы кабелге алмаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий