• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

“Түндүк электр” электр энергияга көбүрөөк чыккан эсепке макул эмес абоненттердин арыздарын карап чыкты

Коом 0

Бишкек, 16-февраль /Кабар/. Жуманын ичинде Бишкек энергия сатуу кызматына абоненттер тарабынан январь айында керектелген электр энергияга көбүрөөк чыккан эсепке 180 даттануу түшкөн. Даттануулардын жалпы санынан 173 каралып, 7 си каралууда. Бардык кайрылган абоненттердин “акылдуу” эсептегичтерин түзүлгөн комиссия текшерди. Комиссиянын корутундусуна ылайык, текшерилген эсептегичтер тийиштүү тактык классында талаптагыдай иштеп жатат, буга байланыштуу кайрылган абоненттерге кайра эсептөө жургузүлгөн жок. Бул тууралуу компаниянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, абоненттер декабрь айына салыштырмалуу январь айында көбүрөөк керектегенине SapatCom уюлдук операторлорунун байланыш каналдарынан эсеп приборлордогу маалымат берилбей калгандыгына байланыштуу электр энергияга көбүрөөк чыккан эсептерди алышкан.

Эске салсак, декабрь айында SapatCom байланыш каналдарынан сигнал жетпей калгандыгынан, керектелген электр энергиянын эсеп-кысабы ноябрь айындагы керектөө боюнча чыгарылган. Ошондуктан, эсептегич менен катталган электр энергиянын көлөмү декабрь айынын эсебинде толук көрсөтүлгөн эмес. Ал эми реалдуу көрсөткүчтөрдү алган соң, январь айындагы эсеп-кысап декабрь айында көрсөтүлбөй калган сумманы эске алуу менен чыгарылган.

Пикир

Оставить комментарий