• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Түндүк электр” эми абоненттерин WhatsApp тиркемеси аркылуу тейлейт

Коом 0

Бишкек, 11.12.17 /Кабар/. Бишкек шарында жана Чүй облсундагы Аламүдүн, Сокулук райондорунда жашаган “Түндүк электр” ААКнын абоненттерине кулактандыруу! Сиздердин ыңгайлуу шарт түзүү үчүн “Түндүк электр” ААК WhatsApp мессенджери аркылуу клиенттерди тейлөөнү ишке киргизди. Бул тууралуу ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

"Белгилүү WhatsApp тиркемесинин жардамы менен сиздер күнү-түнү электр энергия эмне себептен өчүрүлгөнүн билип, болгон көйгөлөр тууралуу айтып жана консультация ала аласыздар.

Ал үчүн сиздер жөн гана телефонуңуздагы байланыш тизмегиңиздерге биздин +(996) 772 00 1209 номурубузду кошуп, Google Play же AppStore тейлөөсүнүн жардамы менен WhatsApp тиркемесин уюлдук телефондорунуздарга жүктөшүңүздөр керек. Сall-борбордун адистери сиздердин бардык суроолоруңузга жооп беришет. Муну менен биргеликте, “Түндүк электр” ААКнын күнү-түнү иштеген call-борбору абоненттерге *1209 номери аркылуу тейлөө көрсөтүүнү улантууда", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий